Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү учак каттамы артка жылдырылып, 150дөй кыргыз жараны аэропортто ачка отурганы боюнча тиешелүү жак жооп берүүдөн баш тартууда

Бүгүн, 7-октябрда Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү "Эйр Кыргызстан" компаниясына таандык болгон учак учуу убактысы келгенде белгисиз себептерден артка жылдырылып, түнкү саат 03:00дөн бери 150дөй кыргыз жараны аэропортко жакын турган мейманканаларда отурат. Алар SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кайрылышып, каттам качан болорун билип берүүнү суранышкан. 
"7-октябрда түнкү саат 03:10до Красноярск шаарынан Бишкекке учуп кетмекпиз, бирок каттам белгисиз себептерден улам артка жылдырылып, учурда 150дөй Кыргыз Республикасынын жараны уча албай, аэропортко жакын турган мейманканаларда жатабыз. Компания өкүлдөрү бүгүн саат төрттө уча турганын билдиришүүдө. Арабызда оорукчан адамдар, жаш балдар бар",- дешкен алар. Биз аталган компаниянын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов менен байланышып жооп алууга бир нече ирет аракет кылганыбыз менен, ал киши жооп берүүдөн баш тартты. Бектургановдун кабылдамасында отурган катчылары "ал киши "бош эмесмин" деп жатат", "түштөнүүгө кеткен", "2-3 сааттан кийин чаласыздарбы..." деп гана жооп узатып жатышты.
Андан кийин аэропортто отурган жүргүнчүлөрдүн бири Наврусбек Чермашов байланышка чыгып, эки аялдын абалы өтө оор болуп жатканын жана көпчүлүгү ачка отурганын билдирди.
Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү учак каттамы артка жылдырылып, 150дөй кыргыз жараны мейманканада жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Marat-m
2015-10-07 15:43:40
Манаке манаке манаке
0
missO
2015-10-07 15:46:22
Бул эмне кылышыканы эми??? Оорукчандар бар эле дейт...а тиги компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов неге жооп берүүдөн баш тартат?
0
Mars55
2015-10-07 15:55:10
Бизди тенсинбейт
0
Arslanbek
2015-10-07 17:09:51
Озун алып качканы корунуп эле тураь Бектургановдун.Али эми авиакампаниялардын атаандаштыгын артыруу максатында да биздин авиакомпанияларга ущундай жол мн кысым к/п жа/т орустар.
0
Aviator
2015-10-07 17:40:38
кеп орустарда эмес. май куйганга акча бербей журсо анан уча албай олтуратда. болбосо компаниянын жетекчиси айтат эле да мындай болду андай болду деп. анан карыз элек деп айтмак беле.
+1
raysultan007
2015-10-08 09:24:18
Баардык жургунчулорго компенсация толоп бериш керек авиакомпания, антпесе жургунчулор сотко беришсе болот. Жок эле дегенде мейманкана менен тамак ашка кеткен чыгымдарын толотуш керек, моралдык, ден-соолук чыгымдарын айтпаганда да. Авиакомпания канчалык коп компенсация толоп коп чыгымга учураса, кийинки кызмат корсотуусу учун ошончолук чон сабак болуп, жоопкерчиликти сезе баштайт деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан