Кусейин Карасаевдин мемориалдык музей комплекси ачылат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда белгилүү илимий ишмер, тилчи, лексиколог Кусейин Карасаевдин мемориалдык музей комплексин ачуу пландалууда. Маалым болгондой, комплекстин курулушу 2012-жылдын август айында башталган жана быйыл июнь айында аяктамакчы. Бул тууралуу 5-мартта журналисттер менен болгон жолугушууда аталган мекеменин жетекчиси Нурлан Эсенгулов билдирди.

 “Курулуш иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 2 миллион 160 миң сом каражат бөлүнгөн. Берилген акчага музейди куруп бүтүрдүк, эми жасалгалоо иштери гана калды. Ал эми музейге коюлчу экспонаттар Карасаевдин үй-бүлөсү тарабынан берилет. Ошондой эле  музейде китепкана ачылат”,- деди Эсенгулов.

Айта кетсек, аталган комплекс 8 гектар аянтты ээлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан