5-март күнү Баткен облусунун Исфана шаарында Лейлек районундагы ишкерлик менен алектенген айымдардын демилгеси менен 8-Март - Аялдардын Эл аралык майрамына карата иш-чара болуп өттү. Ага КРнын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Инабат Ниматова жана башкалар катышты. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов билдирди. Майрамдык салтанатта аялдардын колунан жасалган буюмдардын көргөзмөсү да уюштурулду.