“Дүйнө баңгиликке каршы” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

Бүгүн, 5-мартта борбор шаардагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Дүйнө баңгиликке каршы” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө аталган окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы, ЖКнын депутаты Жылдыз Жолдошова, “Прогрессивдүү демилгелер фондунун” жетекчиси Аскар Салымбеков жана белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев жана башкалар катышты.

Иш-чарага баңгиликке каршы "Maya Planet" улуттар аралык интернет сынагынын жеңүүчүлөрүнүн эмгектери коюлду. Бул сынак 18 айдан бери 150 мамлекеттин чыгармачыл адамдарынын башын бириктирип келген. Көргөзмөнүн максаты - жаштардын көңүлүн баңгилик маселесине буруу жана баңгизат колдонгондордун чыныгы жүзүн көрсөтүү болуп саналат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан