Баткен. Милиция кызматкери Чыңгыз Абдисаттаров “каармандык” медалы менен сыйланды

5-мартта Ички иштерминистрлигинин буйругу менен Баткен РИИБинде милиция кызматкери Чыңгыз Абдисаттаровго “Каармандык” медалын тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыкты Баткен ОИИБинин жетекчиси А.Алимбеков тапшырды. Бул медаль аймактык тескөөчү Абдисаттаровго 2013-жылдын 6-январында Баткен районунун Чарбак айылы менен чектеш Өзбекстандын Сох анклавынын жашоочуларынын ортосунда болгон баш аламандыкта коомдук коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылууда чечкиндүү аракеттери жана ошондой эле өзүнүн жогорку кызматтык чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин маалымат катчысы Дамира Юсупова маалымдады.

 

1. Чыңгыз Абдисаттаров

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан