Султан Раев КРнын Маданият, туризм жана маалымат министрлигине талапкер катары сунушталууда. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин бул сунушун бүгүн, 5-мартта ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Камила Талиева маалымдады. Аталган комитеттин депутаттары бир добуштан Раевдин талапкерлигин колдошту. Эске сала кетсек, учурда Султан Раев президенттин кеңешчиси болуп иштеп келет.