"Маданият - мамлекеттин өзөгү, ага өзгөчө көңүл бурулушу керек" - деди Маданият, туризм жана маалымат министрлигине талапкер Султан Раев ЖКнын 6-марттагы жыйынында. Министр болуп дайындалып калса, өлкөдөгү маданият тармагын көтөрүүгө бардык күчүн жумшай тургандыгын айтты Раев. "Кыргыз элинин маданиятын, искусствосун эл аралык деңгээлге алып чыгуу иштерин улантуу зарыл. Каражат маселеси чечилип турса, көп иштерди жасоого мүмкүн",- деди ал.