Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин фонду түзүлөт

Кыргызстанда Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин фонду түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта ЖКнын жыйынында аталган министрликтин башчылыгына талапкер Султан Раев билдирди. Анын айтымында, бул боюнча “Мурас” аттуу фонд түзүү тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. “Учурда анын концепциясы иштелүүдө. Бул биздин мурастарыбызды сактоо үчүн чоң роль ойнойт”,- деди Раев. Ал эми фонддун түзүлүшүн колдой турганын билдирген депутат Исмаил Исаков буларды айтты: “Искусство - бул коммерция. Маданият кызматкерлери концерттерди өткөрүп өзүн-өзү каржылайт. Андыктан бул фондду түзүүнү колго алуу керек”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан