Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунда 2 тоо лыжа базасы курулат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш жана Энчилеш айылдарына 2 тоо лыжа базасы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Данияр Арпачиев журналисттер менен жолугушууда билдирди. Бул лыжа базалары кореялык жана австралиялык инвесторлордун колдоосу менен курулмакчы. 

“Каракол" тоо лыжа базасы туристтер үчүн эң маанилүү тармак болуп эсептелет. Бул жерде аба таза, ден соолукка пайдалуу. Ошондуктан биз дагы 2 базаны ачууну көздөп жатабыз”,- дейт Арпачиев. Белгилүү болгондой,

"Каракол" тоо лыжа базасы былтыр облустук бюджетке 25 миллион сом киреше алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан