Жалал-Абад. Митингчилер боз үйлөрдү тигишип, талаптар аткарылмайынча кетпейбиз дешүүдө

Бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад шаарында "ата журтчу" 3 депутатты бошотуу талабы менен 400дөй адам митинг өткөрүүдө. Чогулгандар облустук администрациянын алдына боз үйлөрдү тигишти. Митинг башталып жатканда уюштуруучулар "жол тосуп, карапайым калкка кедергибизди тийгизбейбиз" деп айтышкан болчу. Бирок ар тараптан агылып келген элдин саны көбөйүп, аталган жердеги унаа жолу жабылды. Нааразычылык акциясына келгендер Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду жана Садыр Жапаровду 8-мартка чейин бошотуу талабын коюушууда. Эгер талаптары аткарылбаса, митинг улана бере тургандыгын айтышууда. Айта кетсек, кечээ 150дөй эне ушул эле талап менен митинг өткөрүп, кечинде облустук администрациянын имаратында түнөп калышкан болчу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан