Жалал-Абад. Митингге чыккан энелер облустук администрациянын имаратынан сыртка чыгыша элек
5-мартта Жалал-Абад шаарында депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып митингге чыккан энелер үйлөрүнө кетишпей, облустук администрациянын имаратына түнөп калышкан болчу. Бүгүн, 6-мартта алардын имараттан сыртка чыкпай жатканы белгилүү болду. Энелердин бири менен телефон аркылуу байланышып жагдайды сурасак, түнкүсүн электр жылыткычтарын жагып беришкенин, талаптар аткарылмайынча сыртка чыкпай тургандыктарын айтты. Айта кетсек, облустук администрациясынын алдында митинг уланууда.