Бүгүн, 6-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында жергиликтүү тургундар катышкан митинг болуп өттү. Чогулган элдин саны 100гө жеткен жок. Алар “Кумтөр” алтын кени, кредиттик компаниялардын иштери боюнча нааразычылыктарын айтып турушту. Митингчилердин колунда “Эл байлыгын тоногондор – эл душманы”, “Кумтөр" элди уулантып жатат”, “Кредиттер өнүгүүгө эмес, өлүмгө алып келип жатат” деген жазуусу бар плакаттар болду. Митингдин узактыгы 1 саатка созулуп, чогулгандар таркап кетишти.