Бүгүн, 6-мартта Нарын облустук жаштар ордосунда Борбордук Азия университетинин ректору Богдан Кравченконун катышуусунда маалымат жыйын болуп өттү. Ага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев, аталган окуу жайдын курулуш иштери боюнча бөлүм башчысы Грант Робертсон катышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти. Айта кетсек, бул ЖОЖ Нарын шаарына окуу мекемесин ачуу долбоорун 13 жыл мурун баштаган, бирок аягына чыга элек. Буга байланыштуу Кравченко элди сабырдуулукка чакырып, окуу мекемеси 2013-жылдын сентябрь айында ишке бериле тургандыгын айтты. Ал эми нарындыктар бөлүнгөн жерге имарат куруп иштетүү же аянтты бошотуу талаптарын коюшту.