Каракол шаарынын жолдорун оңдоого 20 жылдан бери бюджеттен акча бөлүнө элек

Каракол шаарындагы жолдорду оңдоого 20 жылдан бери бюджеттен акча бөлүнө элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Аталган шаардын жолдору өтө нача абалда экенин айткан облус башчысы буларга токтолду: "Эки жылдан бери Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаты менен 3 чакырымдай жолду капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Ага 10 миллион сомдой акча жумшалды. "Кумтөр" алтын кени толук кандуу иштебегендиктен, 2012-жылы жолдорду оңдоого 5 миллион сом гана каралган. Быйыл бул маселе боюнча 30-35 миллион сом бөлүп берүү тууралуу шаардык кеңештин депутаттарына сунуш киргизип жатабыз",- деди Асанакунов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан