№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялады

№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялады. Бул тууралуу ички иштер министри М.Турганбаевдин сөзүнө шилтеме берип мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 3 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.
Абактан качкан кылмышкерлерди издөө иштери өткөн аптада Дордой, Эне-Сай конуштарында жүргүзүлгөн. Алардын бири Данияр Кадыралиев 16-октябрда түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн.
Изделип жаткан кылмышкерлер:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот:

ИИМдин ишеним телефону - (0312) 26-60-27, нөөмөт бөлүмү - (0312) 66-23-31, 26-60-66, ИИМдин Кылмышкерлерди издөө боюнча башкы башкармалыгы (0555) 32-00-22, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы (0702) 90-50-39, 10-Башкы башкармалык (0555) 70-95-78, ИИМдин басма сөз кызматы - (0558) 20-21-02.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
BRILIANTTKA
2015-10-19 15:37:39
Миллиону курусун,эптеп кармап колго түшүрсө экен. Жүрөк заада болуп бүттүм. Карапайым элге зыяны тийбесе экен дей берип. Буларга уже баарыбир да... Баштарын өлүмгө байлап коюшкан.
+1
Sandrana
2015-10-19 15:37:55
Ошончо акчага ээ болгунар келсе эгер,таап калсанар ушул адамдарды,мен таптым биринчи акчанарды бергиле козумчо анан каерде экенин айтып беремин дешинер керекта))))
0
bolotbai3
2015-10-19 15:43:52
Эми ошол кылмышкерлер табылып калса экен.Баткенде жашап жатып мен корком,кечиндеси карангыда туалетке бара жатканда.Жыйылып турган тезектин арасынан чыга кала тургандай болуп.
+2
12.12.12
2015-10-19 16:51:40
Ушулур боюнча Дордойдо кимдер биринчи чалды болду экен? Эгер биринчи чалган болсо 300 мин сому берилдиби супер кж тактап бересиздерби?
0
admin_portal
2015-10-19 16:55:39
12.12.12, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/126825/
0
Arslan12
2015-10-19 17:13:57
Эми УКМКАГА чалышты бизге чалсанар бермекмин деп чыгат ИИМ
+1
edik.toloikon
2015-10-19 17:28:35
оо жакшы мен ошол миллионду алып калсам питерде иштеп жүрбөй үйгө кетет элем
0
bema_bema
2015-10-19 17:44:46
Туугандар акча колдун кири бугун болсо эртен жок.Азыркы заманда тынч жашаш керек,алардын каерде жургонун айта койом деп балаага кабылбайлы турмого камалса деле эртенки куну зыяны айткан адамга тийип калышы мумкун.
-1
MIRAN
2015-10-19 17:46:50
Укмуш жазат экенсинер,аябай кулуп алдым.Ооба бербейт,алдабай эле,табууга жардам бергиле десин,калпычы болбой!
0
AiBoru
2015-10-19 17:53:38
Туугандары билет эле болуш керек. Итибаевдин байкеси калп эле "Передачасын" которуп келип калыптыр го иниме бермекмин качып кеткен турааа деп олумуш, билбеген, корбогон киши болуп.
0
Sandrana
2015-10-19 19:09:08
AiBoru,Итибаев эгер уйундо же акесинин уйундо болгондо давным давно эле тааап алышат эле элдерге кайрылып олтурбай милициялар оздору эле,акеси озу деле билбесе керек кайда жургонун!
0
Sandrana
2015-10-19 19:11:18
AiBoru,Угушума караганда кылмышкерлердин уйуну милиция кызматкерлери куундо текшерип жатат экен,туугандары бекитип олтургудай кичинеекей нерсе болсо экен чооп чон кишини кантип таап алаалбайт ошо туугандары деле билбейт кайда экенин!
0
adiletkina
2015-10-19 18:58:20
баары бир деле бербейт кенсинер
0
ulan_rysbaev
2015-10-19 22:29:27
Акимжанга реклама кылдырыш керек "Сага акча керекпи? Мыногу суроттогу адамдарды изде! А баасычы ой бай бир миллион сом!"
+1
yrchy_jigit
2015-10-20 03:28:57
Ай ай ай!Кандай немелер булар?Элди "чумарить" этип конуп алыштыгоо...?
0
windows.kg
2015-10-20 07:17:25
Эл деле жинди эмес башта 300000 сомду эсептешкиле анан айтабыз коруп калсак
0
tynara81
2015-10-20 12:10:06
Бербейт, жарты тыйын. Бирок ошо бербегени жакшы, паланга бир миллион бердик десе, ага ошол кылмышкер, алардын тууган-уругу, башка акчага кызыккан адамдар кооптуу да өмүрүнө. Берчү болсо сөзсүз жарыя кылышат. Акчадан көрө өмүр баалуу да. Кылмышкерлерди көргөн адам ансыз деле кабар берет го дейм.
0
aidabatyr
2015-10-20 15:01:58
акчасын алып анан терористи айткыла!болбосо 1 милон жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан