2010-жылдан бери Ысык-Көл облусуна 24 мектеп курулган

"Учурда Каракол шаарындагы унаа жолдорду оңдоо үчүн "Кумтөр" алтын кенинен башка каржы булагы жок." Бул сөздү бүгүн, 6-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов билдирди. "2012-жылы "Кумтөрдөн" Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 248 миллион сом акча түштү. Менимче, "Кумтөр" кени токтобой иштей бериши керек. 2010-жылдан бери облуста 24 мектеп, 7 спорт зал курулуп, айыл чарбадагы ички жана тышкы каналдарды тазалоо иштери каржыланды. Кыскасы, облустагы бардык социалдык мекемелердеги көйгөйлөргө "Кумтөрдөн" түшкөн каражат жумшалат",- деди облус башчысы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан