“Жети-Өгүз-чебер” айыл чарба өндүрүштүк бирикмесинин башкы максаты - жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу. Мындай билдирүүнү аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Алмаз Дүйшөнов бүгүн, 6-мартта журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты.
Былтыр аталган ишкана 6 миллион 400 миң сомдук эмерек жасап чыгарган. “Биздин ишкана үй жана кеңсе эмеректерин чыгарат. Бишкек шаарына салыштырмалуу баалары бир топ арзан. 26 жумушчусу бар биздин мекеме арзан баадагы керектүү материалдарды таап, элге арзан баада эмерек жасап берүүнү максат кылат",- деди Дүйшөнов.
Айта кетсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы бул ишкана былтыр Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 1 миллион сом которгон.