Жети-Өгүз районунда айдоо жерлеринин 85 пайызы жазгы талаа иштерине даяр

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жазгы талаа иштерине 25 миң гектар жер даяр. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушуу учурунда аталган райондун Агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубат Аширов билдирди. “Ак-Жол" машина-трактор станциясы жерлерди айдоого даяр. Станцияда 5 комбайн, 11 трактор, 10 даана соко бар. Бул техникалар менен райондун 9 айылында айдоо иштери толугу менен камсыздалат. Учурда өрөөндүн 85 пайызы жазгы талаа иштерине даяр”,- деди Аширов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан