Өлкөдөгү такси фирмаларын лицензия алууга милдеттендирүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта ЖКнын жыйынында депутат Абдырахман Маматалиев “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди. "Эгер лицензия алуу тартибин бузган компания болсо, алар жүргүнчүлөрдү ташуу укугунан ажыратылат",- дейт Маматалиев. Депутат мындай кадам өз кезегинде жол коопсуздугунун деңгээлин жакшырта турганын кошумчалады.