Кыргызстандын калкынын 56 пайызы өлкөнүн экономикалык абалы төмөнкү деңгээлде жана мамлекеттеги саясий абал туруктуу эмес деп эсептейт. Бул тууралуу “Жарандык коом жана демократия үчүн коалиция” коомдук уюму жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгон. Сурамжылоо 2013-жылдын 18-22-февраль күндөрү жүргүзүлүп, ага 735 адам катышкан. Иликтөө өлкөнүн 9 аймагында: Бишкек жана Ош шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында 18 жаштан жогору курактагы жарандардын арасында жүргүзүлгөн.