Ушул жылдын жай айларында Кыргызстандын аймагындагы ак илбирстин санын тактоо үчүн Германиядан эксперттер келет. Бул тууралуу 6-мартта Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Бахтияр Абдиев билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 250 ак илбирс бар деп эсептелет. Бирок бул так маалымат эмес. "Өлкө аймагында 7-8 жыл аралыгында ак илбирстин саны болжол менен 50гө көбөйгөн",- дейт ал.