Бишкектин айрым көчөлөрүндө, Сокулук жана Аламүдүн райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 7-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Ала-Арча, Пушкин, Бейшеналиева, Тоголок Молдо, Токтогул, С.Манасчы, Маликов, Ломоносов, Абдумомунов көчөлөрүндө жана Манас проспектисинде электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Аламүдүн районуна караштуу Чыгыш, Лебединовка айылдарында, саат 10:00дөн 15:00гө чейин Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр “Нур”, “Лебединовка” көмөк чордондорунан тараган аба чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан