7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн +5...+10°C
Талас облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн +2...+7°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12...+17°C, түнкүсүн +4...+9°C
Баткен облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн +4...+9°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +2...+7°C, түнкүсүн -2...+3°C
Нарын облусунда күндүз +1...+6°C, түнкүсүн -4...-9°C
Бишкек шаарында күндүз +14...+16°C, түнкүсүн +7...+9°C
Борбор калаада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт.