"ЖКны таркатууга болгон чакырыктар – айрым бир саясий топтордун аракети". Мындай ойду эл өкүлү 6-мартта "Парламент" радиосуна билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт. Анын айтымында, кайра шайлоонун болушу өлкөнүн бюджетине чоң чыгым алып келет. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы менен адаттагыдай эле дагы бир нааразы болгон тараптын козголоңдору башталат. “Анын кесепети менен биздин өлкөдөгү инвесторлорду дагы качырабыз. Ошондуктан азыр парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатып, шайлоо өткөрүү өлкөгө пайда же утуш алып келет дегенден алысмын”,- дейт Турсунбеков. Ошондой эле депутат ЖКнын азыркы чакырылышынын таркашына түздөн-түз негиз жок экенин айтты.