Депутат Каныбек Иманалиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэга айым жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фарнворт айым менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык байланышты бекемдөө пландары талкууланды. Улуу Британиянын элчиси менен болгон жолугушууда эл өкүлү Максим Бакиевдин иши боюнча соттук процесске байланыштуу маселе көтөрүп, Британ сотунун адилеттүү чечимине, анын жасаган иштерине жараша татыктуу жазасын аларына үмүт артарын билдирди.