Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратында отурган митингчи энелерге сот чечим чыгарат

Жалал-Абад шаарында 5-март күнү митингге чыгышып, кечинде үйлөрүнө кетпей, облустук администрациянын имаратында түнөп калган энелер боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан протокол түзүлүп, сотко жиберилди. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев билдиргендей, 6-мартта милиция кызматкерлери энелерден имараттан чыгып кетүүсүн суранышкан. Бирок алар камактагы депутаттар боштондукка чыкмайынча сыртка чыкпай тургандыктарын айтышкан. “Буга байланыштуу ОИИБинин тергөөчүлөрү тарабынан милиция кызматкерлерине баш ийбөө жана милиция кызматкерлеринин талабын аткарбоо беренелери боюнча протокол түзүлүп, Жалал-Абад шаардык сотунун кароосуна жиберилди. Сот чечимин күтүп жатабыз”,- дейт Сусунбаев. Ошондой эле ал митингчи энелер дале облустук администрациянын имаратында экендигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан