Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Кызыл-Туу айылында курулуп жаткан орто мектеп 1-сентябрда ишке берилет. Бул тууралуу аталган райондун акими Бакыт Рыспаев журналисттер менен жолугушууда билдирди. Окуу жайынын курулушуна Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 17 миллион сом каражат бөлүп берген. Билим уясы 2 кабаттан туруп, 360 окуучуга ылайыкталууда. Ошондой эле спорт залы да кошо курулуп жатат. Айта кетсек, бул мектепке 2010-жылдын 7-апрель окуясында курман болгон аталган айылдын тургуну Мырзабек Жумаевдин ысымы берилүүдө.