Кылмышкерди кармоо учурунда граната жарылып, бир жоокер каза болду

22-октябрда милицияга Достук конушундагы үйлөрдүн биринде Алтынбек Итибаевдин жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция ошол аймактагы үйлөрдү текшерүүгө алган. Учурда А.Итибаевди кармоо операциясы жүрүүдө. Кылмышкер тараптан ыргытылган граната жарылганда бир жоокер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек СадыбакасовОрозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек ЖумалиевТаалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Tuke8686
2015-10-22 22:26:18
Азыр бир окурман жазды эле бирин бири атып албасын деп
0
UsenovaAizada
2015-10-22 22:30:43
Мына кылмышкердин айынан бей куноо жоокер олуп жатат, дагы кылмышкерлерге жан тарткыла дагы
+4
Kazya
2015-10-22 22:34:56
UsenovaAizada, Ошону айтпайсыңбыыы...
каап атаңгөрү, мына ушулардын айынан байкуш жоокер.
+3
aibo_85
2015-10-22 22:32:15
Итибаевди өлтүрүшүптүр уже.
0
Siberian
2015-10-22 22:32:59
Курал-жарак жок кылмышкерде. Калп эле атып атат. Аны эчак эле кармады же бир балээ кылды. Эмне учун биздин мамлекетте спецназ экшн-камера колдонбойт. Ошондо бардыгы чын болмок.
0
Titi
2015-10-22 23:32:54
Siberian, кылмышкердин жанында жаттын беле анын куралы жок дегидей. ХХХ ХХХ ХХХ... Итибаевдын айынан канча Адам болду.
0
admin_portal
2015-10-23 15:23:05
Titi - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
realliver
2015-10-22 22:34:09
Бети жоктор, дагыле ошол террорчулардын таламын талашкыла!!
-1
bakaiBBBB
2015-10-22 22:38:38
Кана эми Итибаевти актап жан куйуп жаткандар жазбайсынарбы эмне болду ? ! Эмне ал жоокер силер учун адам эмеспи а эгер ал сенин аган же инин же бир тууганын болсо эмне кылмаксын ? Ар нерсени озун коруп билбегенден кийин бул жакта олтуруп алып божомолдоп урдура бербеш керек бирин ак бирин кара деп , ким куноолу болсо ал бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо жазасын алар.
+2
aytkulova
2015-10-22 22:44:57
bakaiBBBB, алар Алтынбектин бейишке киришин тилеп олтурушат болуш керек. Кылмышкерди аяйсынар, озу жон олбой, бей куноо бироону ала кетти.
0
aytkulova
2015-10-22 22:42:56
Дагы бир жоокер олду. Эхх... окунучтуу((( дагы жан тартып олуп кеткиле?!
0
NuRba.97
2015-10-22 22:44:24
Кылмышкерди олтуруп жок кылбаса ал сени жок кылат.
0
potriot.kg
2015-10-22 22:45:23
Билип билбей туруп бирдеме деш кыйын.. чындыкты билбегенден кийин же оз козунор менен корбогондон кийин унчукпагыла..
+1
Salman1477
2015-10-22 22:56:08
Итибаевди эле олтуруштубу? Итибаевдин жанындагы кылмышкерлер абага учун кеттиби?

0
meka93
2015-10-22 23:11:33
Ушинтип олмок байкуш, Кан кое бербейт деген ушул да, кылганынын азабын тартып бируусу больницада жатса, калганы кара жерге кирип кетти. Жалгыз чындык Абдрахмановдо, болгонун болгондой айтып бергенче жашаса экен эми, Кылмышкер болсо да Чындык учун омурун тилеп калган кантип жакшы болсун.
+1
ruffo90
2015-10-22 23:29:07
Кылмышкерлерди колдоп, бийлик атайын эле аларды олтуруп жатат дегендер эми эмне дейсинер? Тыптынч болуп жок болуп калдынар го. Бейкуноо жоокер каза тапты. Ошол жоокердин да уй булоосу, ата-энеси бардыр.
+1
Gema
2015-10-23 00:54:56
уюштурулуп качырылган эле го..болблсо кантип качышат эле.Анан айласы жок бироону да атып озу да олуп тынды(журок сыздайт
0
aytkulova
2015-10-23 02:22:41
Gema, бир нерсе жетпейт окшойт э сизге? 4 кызматкерди олтуруп туруп качып чыгышты го. Башкаларда дагы качууга мумкунчулук болгон, бирок алар качкан эмес. Айласы жок атпай эле, атты да жан талпастап. Жаны ширин да, ошого акырына чейин курошту. Озу олсо мейли эле, бир кызматкер да олду анын айынан. Ата-энеси, жакындары кандай абалда болду экен, ошону ойлондунбу?!
+2
bakaiBBBB
2015-10-23 02:50:16
aytkulova, Бул сыяктуу мекендештерге мен чындыгында аябай тан калдым ушак кайдан чыгат? ушак мына ушундан чыгат бири мудурулду десе бири жыгылды деп кошуп анан дагы бири олду деп кошуп олтурушуп Итибаевке баатыр деген наам берийин деп калышты эле
+2
asdf
2015-10-23 08:44:24
кылмышкерлер болгондо дагы бар го ээ жанында кишилер? аларды кармаштыбы кимдер болду экен
0
AijamalAzimova
2015-10-23 16:12:26
Озу биз кыргыз эли ото эле жоош боорукер адамдар экенбиз. Ушундай кылмышкерлер адамдарды атып олтуруп качып кетип жатканда да,биз аларга "боорубуз" ооруп качып кетсе экен, тируу калса экен дедик. Мамлекет куноолуу дедик,уюштурулду дедик.Бир окурман туура жазды эле "волку волчья смерть" деп.Ушул соз туура жазылыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан