Кылмышкерлерди кармоо учурунда Достук конушунда жашаган адам каза болду

Достук конушунда түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаевди жана анын жанындагы кылмышкерлерди кармоо учурунда аталган конушта жашаган бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек СадыбакасовОрозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек ЖумалиевТаалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
RNA78
2015-10-22 22:50:22
Алтынбек атып олдурду дешсе керек...
+3
sterva
2015-10-22 22:51:42
RNA78, ошентет эми,террорист олтурду деп
+10
daiyrbek01
2015-10-22 22:50:27
ойуна эмне келсе жаза бербечи соз деп эле баарын суйлой берген болбойт
-2
Anarbek2015
2015-10-22 22:54:06
daiyrbek01, туура айтасын
0
bolotbai3
2015-10-22 22:55:37
daiyrbek01, Дайырбек Орунбеков журналист сенсинби?
-3
aytkulova
2015-10-22 22:53:34
Дагы олуп кеткиле таламын талашып кылмышкерлердин?! Ошол акмактардын айынан олду да.
-3
Gema
2015-10-22 22:54:18
Антпей эле случайно балконго чыга калып ок тийиптир.Окунучтуу.
+4
Erkinbay_buiga
2015-10-22 22:55:24
Пазор эле болду го.
+2
realliver
2015-10-22 22:59:44
Террористтерге жан тарткан силер дагы террористсинер!!!
+7
omuke8993
2015-10-22 23:04:44
биз кыргыздар ото уят болдук бир кылмышкерди кармай албаган биздин куралдуу кучтор карасанар бейкуно адамдар олуп жатат
0
ilyaznurperi
2015-10-22 23:05:50
uwintip ozubuzdu ozubuz olturo bersek 5mil.emes 1million ele bolup kalabyz. zamanybyz tynch ele bolsunchu.
-3
dobrajelatel
2015-10-22 23:10:28
Туура кылды башкаларга да сабак болду. Эми ойлонуп качышсын.
+6
make2
2015-10-22 23:12:35
Дұйнөлүк уюмдар террористтерге каршы көп акча бөлұп берет экен, бул акча табуунун бир жолу болушу мүнкүн
+3
powar
2015-10-22 23:29:36
make2,болушу мумкун,оздору качты кылып.
+1
Take_men
2015-10-22 23:25:27
Комментчилер кызык эле болдунар. Жаны качканда атып олтургуло дединер. Атып олтурсо эми олтурбогуло дединер. Достукта атышып атат десе кайра олтургуло деп. Бир позицияны кармаш керек го. Качкандан баштап комменттерге коз жугуртсонор байкайсынар озунор эл ары бери ооп атканын.
-1
meka93
2015-10-22 23:32:14
Сизодо болсо да. жылуу ордунарды суутпай эле , мамлекеттин эсебинен ичип-жеген тамагынарды барктап эле отура бербейт беленер, озунор аран туруп качып, канча кызматкердин жанын алып жыргадынарбы канчалагандын ата-энесин, озунордун ата - эненерди сызга отургузуп ?! Мына минтип кара жерди кучактап жатып калдынар. Кылмышы жок адам мынчам кун жашырынып качпайт да. Жел болбосо чоптун башы кыймылдавайт. Алакандай Кыргызстандан кантип качып аман калабыз деп ойлодунар...
+3
powar
2015-10-22 23:35:32
Эмнеси болсо дагы,кыямат кайын келиптир.
-2
powar
2015-10-22 23:59:48
Буларды терорист корсотуш учун фотомонтаж менен сакал коюшса керек башта,чтобы потом кол которду анан атып салдык деп,кол которо турган эле адамдар го деп,анда эмне турмодо сакалчан журо беришкен экен беле,турмонун эрежесин билбейм но все же?Эл да сакалдарын коруп коркуп,аткыла десин деп.
-1
aikusikdan
2015-10-23 00:23:40
bul okuya bizdin mamlekettin alsyz ekeninen kabarlait. 1 kylmyshkerdi jok kyluu uchun masshtabduu chon operatsia bolup, adam olgondygy spetsnazdyn jana militsia kyzmatkerlerinin dayardygy oto nachar abalda ekendigin aigineleit.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан