Тоң айылында мектептин жаңы спорт залы курулууда

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң айылында Азис Салиев атындагы орто мектептин спорт залынын курулушу июнь айында аяктайт. Бул тууралуу аталган райондун акими Бакыт Рыспаев 6-мартта журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Маалым болгондой, спорт залдын курулушуна Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 9 миллион сом бөлүнгөн. "Бул спорт залдын узундугу 30, туурасы 12 жана бийиктиги 8,6 метрди түзөт. Толук бүтүрүү үчүн дагы 3 миллион 550 миң сом керек. Учурда райондун 2 айылындагы 2 мектеп авариялык абалда. Ал мектептерде 500 окуучуга ылайык орундук жетишсиз. Бул маселени да тез арада чечүүгө аракет кылып жатабыз",- деди Рыспаев.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан