6-март күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Анда облус башчысы менен аталган аймактагы мекеме, ишканалардын абалы, жазгы талаа иштери тууралуу пикир алыштык.
- Саламатсызбы, облус аймагындагы ишканалардын абалы учурда кандай?
- Саламатчылык, Ысык-Көл облусунда иштебей токтоп турган 40тай ишкана бар. Ал эми учурда 17 ишкана иштеп жатат. СССРдин тушунда "Күрмөнтү" цемент заводу облус бюджетинин 40 пайызын толтурчу. Убагында 120 миң тонна цемент чыгарган бул завод, 2012-жылы 3 миң тонна гана цемент чыгарды. Октябрь айында Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен келгенде бул ишканага 5 пункттан турган талап койгонбуз. Анда инвестициялык план түзүү, заводдун мештерин оңдоо, 300 жумуш ордун түзүү сыяктуу талаптар айтылган болчу. Бирок бүгүнкү күндө бул талаптар аткарыла элек. Учурда кытайлык жана германиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алар 15-20 миллион долларга "Күрмөнтү" заводун сатып алып, жанына дагы бир цемент заводун кура тургандыктарын айтышууда. Бул ишкананын өз алдынча толук кандуу иштеп кетүүгө күчү жок. Негизи, бул завод чыгарган цементтин сапаты мыкты. Угушубузга караганда, Токтогул ГЭСи ушул заводдун цементи менен курулуптур.
- Жазгы талаа иштерине даярдыктар кандай жүрүүдө?
- Дыйканчылык иштер март айынын орто ченинде башталат деп пландап турабыз. 24-январда жазгы талаа иштерин өз убагында аткаруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Буга байланыштуу ар бир райондо штабдар түзүлүп, учурда даярдык иштери жүрүп жаткан убак. Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 180 миң гектар жерге эгин айдалат. Бирок бизде үрөн көйгөйү бар. Анткени айдоо жерлерге жаңыланбастан, мурдагы эле үрөндөр себилип жатат. Негизинен, түшүмдүүлүк жакшы болушу үчүн үрөндү ар бир 2 жылда алмаштырып туруу зарыл.
- Туризм тармагында кандай көйгөйлөр бар?
- 2012-жылы Ысык-Көлгө 1 миллиондон ашык турист келген. Негизи, туристтердин келиши жылдан-жылга өсүүдө. Бул тармакта да бир топ иштерди жасоону максат кылганбыз. Мисалы, көлдүн ичин 50 метр тереңдикке чейин тазалоо болот. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн ар бир пансионатта 2ден суучулдарды дайындоодобуз. Бул маселе боюнча апрель айында пансионаттардын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөбүз. Бул жылы деле миллиондон ашык эс алуучу келет деп болжолдоп жатабыз. Бирок эс алуучулар көп болсо деле өткөн жылы туризм тармагынан түшкөн каражат 10 пайызга гана өскөн.
1. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов