Асылбек Жээнбеков: "Жаздай сулуу, гүлдөй назик болуңуздар, айымдар!"

Бүгүн, 7-мартта төрага Асылбек Жээнбеков өлкөдөгү айымдарды 8-Март - Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Төрага аялдар коомдогу зор күчкө айлангандыгын, алар мамлекеттик кызматта, парламентте, саясатта, бизнесте, жарандык коомдо өз ордун таап, талыкпай эмгектенип жатканын белгиледи. "Жашоо жарыгы, үйдүн куту, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуу менен, өлкө келечеги, улут үчүн жасап жаткан адал эмгегиңиздердин, илгери үмүтүңүздөрдүн үзүрүн көрүп, жаздай дайым жаш, дайым сулуу, гүлдөй назик боло бериңиздер. Майрамыңыздар кут болсун!”,- деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан