Шарабидин Токтосунов: "Сотто 90 адам суралып, алардын бирөөсү да Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген жок"
Бүгүн, 7-мартта депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов боюнча соттук отурум уланууда. Эскерте кетсек, мурунку соттук отурумда жактоочулар депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн айтышкан. Бүгүн жактоочу
Шарабидин Токтосунов "3-октябрдагы митинг боюнча кылмыш ишин козгоодо мыйзам бузуулар болгон” деди.
Ал ошондой эле Садыр Жапаровду камоого эч кандай негиз жок экендигин жана анын күнөөсүнүн далилденбегенин айтты. Жактоочу сот ишинде 90 адам суралып, алардын бири дагы Садыр Жапаровго
каршы көрсөтмө бербегендигин кошумчалады.