Бүгүн, 7-мартта өтүп жаткан "ата журтчу" айрым депутаттардын сот ишинде депутат Камчыбек Ташиев айыпталуучу шериктерин үй камагына чыгарууну өтүндү. Анын айтымында, айыпталуучулар өлкөдөн эч жакка кетпейт жана сот калыс чечим чыгарарына ишенет. “Эгерде айыпталуучулар качып кетишет десеңиз, анда мен буларга кепилдик берип, камакта отуруп турайын. Буларга кепил катары кала берем. Биз кылмышкер болбогон соң эч жакка качпайбыз. Коррупциялык жол менен мамлекеттин мүлкүн уурдаган эмеспиз”,- деди Ташиев.