“Мамлекеттик айыптоочулардын “шефинясы” Аида Салянова "былык ишим билинип калбасын" деп шаштысы кетип, прокурорлорду урушуп, сизге да кишилерди жиберип жатканы тууралуу маалыматым бар”,- деди депутат Садыр Жапаров. Бул сөздү депутат сотко төрагалык кылуучу Адылбек Субанкуловго айтты. Жапаровдун айтымында, сот залында ар кандай ушактарды териштирип отура бербей, Салянованын бюджетке 1,5 миллиард сом зыян келтиргенин териштирүүнү баштоо керек. Белгилеп кетсек, бүгүн 7-мартта "ата журтчу" депутаттар боюнча кезектеги соттук отурум өтүп, жактоочулардын депутаттарды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн кароо үчүн соттук курам кеңешүүчү бөлмөгө кетти.