Жантөрө Сатыбалдиев: "Эне" деген сөздө ааламдын башталышы жатат"

Бүгүн, 7-марттта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айымдарды 8-март - аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктады. 

"Урматтуу  энелер жана эже-карындаштар! Сиздерди 8-март - аялдардын Эл аралык күнү менен кыргыз өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздер биздин жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы, турмушубуздун көркүсүңөр. 

Эне!.. Аял!..  Бул сөздө   ааламдын башталышы, дүйнөнүн жаралышы жатат. Дүйнө адам баласына мына  ушул ыйык сөз менен башталат. Бул жашоодо энеден өткөн бийик да, ыйык да түшүнүк жок",-.деп башталган куттуктоодо өкмөт башчы айымдардын турмугштагы орду тууралуу жылуу сөздөрдү айтат. Премьер-министр айымдарга бекем ден-соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалады.        

                                   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан