Бабырбек Жээнбеков КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 7-мартта кол койду.