Пригородный айылында оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептин ачылышы болду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айылында оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу “Манас” аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, мектепти оңдоо аталган борбордун, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен демилгеси менен ишке ашты. 227 миң доллар каражат сарпталган долбоор 8 айда аяктаган. Иш-чарада окуучулар чакан майрамдык концерт тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан