Айыпталып жаткан “ата журтчу” 3 депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Сот залында отурган депутаттардын жакындары бул чечимге каршы экендигин айтып, "сот адилеттүү чечим чыгарган жок" деп ызы-чуу түшүштү. Сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов эгерде элдер тынчтанбаса, соттук отурумду токтото тургандыгын айтты. “Сот процесси улансын десеңиздер баарыңыздар тынчтаныңыздар”,- деди ал.