6-мартта Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев шаардагы мекеме, ишканалардагы жетекчи айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирет.
Майрамдык иш-чарада илим менен өндүрүштө, социалдык-маданий чөйрөдө, мамлекеттик башкарууда жана коомдук иштерде үлгү көрсөткөн жетекчи жана ардагер айымдар сый тамак жана жагымдуу белектер менен сыйланышты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.