ЖКнын 7-марттагы жыйынына Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын Жаштардын илимий коомунун мүчөлөрү жана «SIFE» жаштар кыймылынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшү менен таанышкан соң жаш өкүлдөр депутат Дастан Бекешев менен маек курушту. Бекешев аларга Жогорку Кеңештин жумушу, өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү жана келечекке коюлган пландары тууралуу маалымат берди.
Эскерте кетсек, студенттерди жана окуучуларды ЖКнын жыйындарына катыштыруу Дастан Бекешевдин демилгеси менен ишке ашып келет.