Нарын. Облустагы айымдарды 8-Март майрамына карата куттуктоо иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, 7-мартта Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда шаардык жана облустук мекеме, ишканаларда иштеген айымдарды 8-Март - Аялдардын Эл аралык күнү менен сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев катышып, айымдарга куттуктоолорун айтышты. Алдынкы айымдарга облустук жана шаардык Ардак грамоталар тапшырылды. Мэрия билдиргендей, бул майрамды белгилөөгө жергиликтүү бюджеттен 80 000 сом каражат бөлүнгөн. Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан