Сот залындагы жылытуучу батареялар жарылып, "ата журтчу" депутаттар боюнча сот иши убактылуу токтоп турат

Бүгүн, 7-мартта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча соттук отурум уланып жаткан. Судья Адылбек Субанкулов депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылбаганын айтты. Аңгыча сот иши жүрүп жаткан залдагы жылытуучу батареялар жарылып, бөлмөнү суу каптады. Жыйынга катышып жаткандардын баары сыртка чыгышты. Соттук отурум качан улантылары азырынча белгисиз. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан