С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борборунда 4-марттан 17-мартка чейин, “Көркөм өнөр искусствосу” предмети боюнча кайра даярдоо курсу өтүүдө.
Ага Нарын районунундагы мектептердин мугалимдери катышып билимдерин жогорулатышууда. Мугалимдерге Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Дамирбек Акматов лекция окууда. 7-мартта курстан өтүп жаткан окутуучулар жана студенттердин катышуусу менен семинар болуп өттү. Иш-чарада Дамирбек Акматов мугалимдик ишмердүүлүк боюнча кенен маалымат берди.