Бишкектеги "Народный" соода түйүнүндө жасалма презервативдер сатылып келгендиги белгилүү болду

Бишкектеги “Народный” соода түйүндөрүндө жасалма презервативдер арзан баада сатылып келгендиги белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган соода түйүндөрүндө текшерүү жүргүзгөн учурда чын эле "Дюрекс" жана "Контекс" аттуу презервативдин жасалма түрлөрү сатылып жаткандыгы аныкталган. Текшерүү учурунда бул каражаттардын сапаты түп нускадагыларынан бир кыйла начар экендиги билинди. Аталган министрликтин басма сөз кызматына кайрылып, кененирээк маалымат алалы десек, "8-Мартка карата бошобой жаттык эле, бул тууралуу маалыматты майрамдан кийин беребиз",- дешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан