7-мартта КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Освальдо Биато Жуниор менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда эки өлкөнүн саясий жана соода-экономикалык кызматташуусунун келечеги талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанга Бразилиядан ишкерлерди тартуу аркылуу байланыштарды күчөтүүнүн маанилүүлүгү да айтылды. Бразилиялык элчи Кыргызстан менен айыл чарба тармагында кызматташууга өзгөчө кызыгуу бар экенин билдирди. Айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү боюнча өз ара пайдалуу кызматташуу жана пландар белгиленди.