"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы И.Б.К. жана аталган райондун Жарандык актыларды каттоо кызматынын башчысы С.Р.Т. аттуу жарандарга кылмыш иши козголду" деген маалыматтар туура эмес. Бул тактоону бүгүн, 8-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Аталган жарандардын катыштыгы бар деген окуя учурда иликтенип жатканы кабарланды. Эске салып кетсек, 5-мартта УКМК бул жарандар И.Б. аттуу аялдын мыйзамсыз негизде алимент жаздырып алуусуна жасалма документтерди даярдап беришкен деген айып менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган болчу.