Венесуэланын президенти Уго Чавестин сөөгү бир нече күнгө музейге коюлат

“6-мартта көз жумган Венесуэланын президенти Уго Чавестин сөөгү бальзамдалып, бир нече күнгө Каракасе шаарындагы аскердик музейге коюлат”. Бул сөздү аталган өлкөнүн вице-президенти Николас Мадуро айтты. Мындай чечим кабыл алууга Чавести акыркы жолу көрүп калууга келген элдин көптүгү себеп болгон. Ошентип, маркум президентти жерге берүү зыйнаты 7 күнгө узартылды. Бул күндөр аралыгында сөөк айнек табытта турат жана коштошууга келгендер аны жанынан көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Айта кетсек, Уго Чавес 2 жылдан бери рак илдети менен жабыркап келген. 2012-жылдын декабрь айында ага 4-жолу операция жасалып, абалы оорлошкон ал 6-март күнү каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан