5-мартта Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Жусупжан Шарипов аталган өлкөнүн Маданият министринин орун басары Салих Аль-Намле менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Сүйлөшүү учурунда Бишкекте Сауд Арабиянын маданият күндөрүн өткөрүү тууралуу сөз болду. Маалым болгондой, 9-мартта аталган мамлекеттин өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, иш-чараны май айында өткөрүү пландалууда.