7-марттан баштап “Бишкек-Сүт” жана “Кант-Сүт” ишканаларына Казакстанга сүттү жана сүт азыктарын экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет. Аталган ишканада мурун текшерүү учурунда табылган мүчүлүштүктөр жоюлган. Маалыматтарга карганда, 24-29-декабрь күндөрү бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген адистер Кыргызстандагы 11 ишкананын сүт азыктарынын сапаттарын текшерген. Жыйынтыгында бир катар ишканалар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги аныкталган. Ошол себептен Казакстан Кыргызстандан сүт алууну токтоткон.